Бул программада Жайыт жерлерин пайдаланууда кандай иштер жүргүзүлүп жатканын талкууланды. Чоң –Кемин өрөөнүнүн ичиндеги Жайыт жерлер оңдолуп, чөп чыкпай калган жерлерге көп жылдык чөптүн уруктары себилип, мал жандыктарына жайылууга шарттар түзүлүп жатканын жайыт комитетинин башчысы Калпаев Ильяс билдирди.
Жайыт пайдалануучулардын укуктары жөнүндө сөз болду. Жайыт комитетинин башчысы кененирээк маалымат берди. Угуучулардан суроолор келип, жакынкы аралыкта алардын өтүнүч талаптарын ишке ашырууга, малдарды көчүрүүдө көпүрөлөр оңдоп түзөлөрүн айтып өттү.
Даярдаган: Гүлзат Байгазинова