Бул уктурууда өрөөндүн ичүүчү таза суусу жөнүндө маалымат каралды. Эфирдин коногу Кемин райондук Таза суу программасынын жетекчиси Эрнис Жунушалиев толук маалымат берип, жашоочулардын суроолоруна жооп берди.
1950-1960-жылдан бери алмашылбаган суу түтүктөрүн алмаштырып которууга, чет өлкөлүк проектилерге катышып, алардын бири каржылап, колдоп берээрин айтышкан. Угармандардан келген суроолорго токтолуп,жооп берди. Калктан чогулган акча каражаттары кандайча, кайда жумшалып жатканын айтып берди. Жакын арада жүргүзүлө турган иштери боюнча айтып берди.
Даярдаган: Гүлзат Байгазинова