28-29-30- июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндөгү Каракол жайлоосунда дүйнөгө таанымал Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге Сооронбай Жээнбеков баштаган бир нече мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз күрөш, Эр эңиш, Салбуурун, Көк бөрү, таш жана ат көтөрүү өңдүү оюндар жана маданият өкүлдөрүнүн концерттик программасы менен коштолду.
Бул тууралуу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык фонддун президенти Орозаалы Кожомкулов мындай деди:
“Бардык элибизди, мааракеге атайын алыстан бери келген конокторду куттуктайм. Атабыздын 130 жылдыгына арналган той мамлекеттин, элдин колдоосу менен эң жакшы деңгээлде өттү. Даярдыктар да абдан жакшы болду. Демөөрчүлөр туурасында айтсам, бул Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык фонд, Президенттин резервдик фондунан 400 миң сом, Премьер министр 300 миң, Спикер 200 мин сом бөлдү. Анан албетте, Суусамыр эли да 500 миң сом акча чогултуп, колдоо көрсөтүштү. Учурдан пайдаланып биздин журт башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шариповичке терең ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси атабыздын арбагы ыраазы болсун!”
Мааракеге коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн спортчулар жана Кыргызстандын булуң- бурчунан маданият өкүлдөрү, Кыргыз улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы оркестри өзүнүн солистери менен бирге келген. Алардын катарын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбеков жана кыл кыякчы Залина Касымова толуктады.
Андан тышкары тойго келген сыйлуу коноктор өз көз караштарын, сезимдерин айтып өтүштү.
Мааракеге атайын алыстан өз кол өнөрчүлүктөрүн элге тартуулоо үчүн ар кандай сүрөткө тартып, кызмат кылуу үчүн келген инсандар да болду.
Иш-чаранын биринчи, экинчи күнү улуттук оюндар ойнотулуп, финалдык оюндарга командаларды, спортчуларды тандоо жүргүзүлдү. 30-июнь күнү, түштөн кийин оюндардын финалдык баскычы өтүп, жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи болду. Жеңүүчүлөр
Көк бөрү улуттук оюнунда Талас облусунан келген команда жеңүүчү деп табылып, мыкты улакчы наамы Талас командасынын оюнчусу- Рыспеков Майрамбекке, мыкты аргымак наамы- Чүй облусунун Кыяк атуу аргымагына ыйгарылды. (сүрөт “kokboru_kg” баракчасынан алынды)
-Таш көтөрүүдө Кожомкул балбандын өзү көтөргөн салмагы 635 кг оордуктагы ташын, Казарман шаарынан келген Атайбек уулу Келдибек 5см жерден үзүп көтөрүп, жеңишти багындырды.
— Эр эңиште жеңил салмакта Чүй облусунун балбаны Бусурманкулов Калыбек, оор салмакта Кыдыралиев Күмүшбек чемпион аталса, 2-3 орунду Султан уулу Кубаныч жана Канатбек уулу Бек аттуу Суусамырдын жигиттери багындырды.
-Ат чабышта биринчиликти Бишкек шаарынан келген 29-номердеги Тром аттуу күлүк багындырды. Күлүктү Түкүш саяпкери Арген атуу жигит башкарып, “Subaru” үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду.
Айта кетчү нерсе, бардык 1-орунду багындарган спортчуларга, командаларга автоунаа, 2-орунга жылкы, 3-4-орунга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Тойдун акырында бий топтору, Адилет Азимов өңдүү бир топ эстрада ырчылары элге майрамдык маанай тартуулап, иш-чараны жабышты.
Уюштуруу комитети катарында Суусамыр айыл өкмөтү иш алып барды.
Даярдаган: Самар кызы Зыйнат