Жайыл районунун Кара-Суу айылыныдагы жаш акындарыны бири, 11-класстын окуучусу Элдос Таштанов жөнүндө айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты Элдостун өзүнөн алсак.
— Мен ыр жазууга 13 жашыман бери кызыгып келе жатам. Эмнеге дегенде мен үчүн ыр жазган абдан жагат. Ыр жазууда бул эң биринчиден, акындардын көбү айтып келет, бул ыр жүрөктөн гана чыгат деп. Акындардын айтканы туура, жүрөктөн чыккан эргүү менен гана ырлар жаралат. Мага кыргыздардын акындарынан Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Жоомарт Боконбаев ошондой эле башка акындар дагы жагат. Бирок булардын ырларын көбүнчө окуп келе жатам. Анткени булардын ырлары, ачык айтканда, жүрөктөн гана чыккан деп айтса да болот. Булардын ырларын азыркы жаш муундардын көбүнчөсү окуп келет го деп ойлойм. Ошолордун катарын толуктап мен дагы алардай акын болгум келет келечекте. «Бир тууган атуу» ырымды тартуулап окуп кетейин, кабыл алып коюңуздар.
Бир нанды бирге үзүп жеп,
Бирибизди ээрчитип жетелеп,
Бир үйдо бир чоңойдук
Боор тартып ата-энеге эркелеп.
Аска зоодой жөлөк болгон
Ата-энеден кийин бир тууган
Башка аймакта болсоң да,
Ойлоп жан тарта турган
Жамандыктан алыс кылган бир тууган.
Алыстан сапар тартып келсем
Кучагын жайып тосуп ала турган
Аман-эсен келсе деген үмүт менен
Ар дайым ата-эне жана бир тууган
Дагы бир чыгармамды тартуулап отуп кетейин, бул өзүм чоңойуп өскөн айылым Кара-Сууга арнап жазгам.
Мен өскөн кичинекей айылым,
Мен ойногон топурагым бар ар дайым.
Балдар менен ойногон күндөр өттү,
Кайрылып келсе деп ойго батам.
Тан атканда куштар сайрайт,
Күн батаар маалда,
Ойноп балдар чурулдайт.
Сенден алыстасам да,
Сени унутпайм.
Эх, кандай сонун айыл,
Мен дагы кетем сенден алыстап,
Эстеп сени көзүмөн жаш агат.
Айылдын айыл четинде турасың,
Кичинекей барктуу айылсың.
Абан таза, сууң мөлтүр тунук.
Сага теңдеш айыл жок.
Айылыбыздын болочок акыны Элдос Таштановдун маегин уктунуздар. «Ак кептер» медиа борборунун атынан биздин жаш талантка ийгилик каалайбыз! Келечегин кең болуп, өмүрүң узун болсун!
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Чакчагаев Султанаалы
Сынак үчүн