Быйыл Үркүнгө жүз жыл болот. Кыргыз тарыхынын трагедиялуу жылы жөнүндө берүүбүздү улантабыз.
Бул көтөрүлүш эмне үчүн чыккандыгы тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери Нурбек Көлбаев жана Чакчагаев Кыдыраалыдан кененирээк маалымат уксак.
— 1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш тарыхыбыздын эң эле трагедиялуу барактардын бири болуп, жумурай журтубуздун сезиминде өчкүс алаамат катары кала берет. Империялык Россиянын шартнаамасында кыргыздар элүү жылга чейин орус армиясында кызмат өтөө милдетинен бошотулаары жана кыргыз жергесине көчүп келишкендер, жергиликтүү калктын дыйканчылыгы менен мал чарбачылыгына тоскоолдук келтирбөөнү көрсөтүп турган. Бирок мезгил жана кийинки окуялар ырастагандай, келгин төбөлдөр эң жакшы жерлерге отурукташканы аз келгенсип кыргызды кысымчылыкка ала башташкан. Падышачылык эзүүчүлөрдүн укуругун узарткан бай-манаптардын алысты көрө албастыгы жана бийлик дегенде элин кошо сатып жиберүүгө даяр ач көздүгү кошумча болгон. Шейит кеткен ата-бабаларыбыздын жаркын элестерин унутпай аларга таазим этип жүрөлү.
Бул көтөрүлүш Анжияндан башталган. Ал көтөрүлүштүн себеби, 1914-жылы 1-августта биринчи дүйнөлүк согуш башталат. Падыша бийлиги кыргыздын жигиттерине окоп каздырчу экен. Кыргыздарга туура эмес маалымат жетет экен «кыргыздын балдарын астына салып, өздөрү болсо артында мылтыктары менен жүрөт экен деп». Орусча айтканда «пушечное мясо» болчу экен кыргыздын балдары деп. Аны уккан кыргыздын ата-энеси жинденишет. «Балам фронтко барып өлгөндөн көрө экөөбүз чогуу өлөлү» деп көтөрүлүшкө чыгышат, элди токтото албай калышат. Падыша бийлиги биякка армиясын жөнөтөт. Биздин элдин колунда эч нерсе жок, көтөрүлүштү тынчытат. Кыргыздарды өлтүрөт, баарын атат, анан кыргыздар Кытайды көздөй качат. Кытайга качышканга жардам берген «Алаш» деген партия болгон. Аны Абдыкерим Сыдыков жетектеген.
Бүтүндөй кыргыз эли Үркүнгө арналган жүз жылдыкты ар кандай иш чаралар менен белгилемекчи. Президент баш болуп бул трагедиялуу окуяга тарыхый жана саясий баа беришти. Бул окуяны изилдөө дагы эле жүрүп жатат. Ар бир кыргыз жараны тарыхыбыздагы бул окуяны эч качан эсинен чыгарбоо керек.
Даядагандар: Султанаалы Чакчагаев, Элина Азаркулова