Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде үркүндүн 100 жылдыгына карата тегерек стол болуп өттү. Анда окуучулар дубал гезиттерди даярдап, жазган эмгектерин коргоп беришти.
Кыргыз тил мугалими тегерек столдун уюштуручусу Кенжекан Аматбекова бул иш чара туралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
“Быйыл үркүнгө 100 жыл, 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүшү болуп, ошондо өзүнүн эркиндиги өзүнүн адилет жашоосу үчүн күрөшкөн. Мына бүгүнкү окуучулар менен үркүндүн 100 жылдыгына карата тегерек стол иш чарасын өткөрдүк. Кыргыздардын кийинки мууну тарыхты окуп билип, ушул кыргыздын тарыхын андан нары окуп жана алардын билимин өркүндөтүп, ошол менен бирге тарыхты тастыктаган улуу үркүндүн окуяларын мугалимдер менен окуучулардын талкуу жүргүзүп аң сезимине кыргыздардын башынан өткөн тарыхын өткөрүп берүү болгон», — деп токтолду Аматбекова.

Тегерек столдо 8-класстан 11-класска чейинки окучулар дубал газета жана рефераттардын конкурстарына катышкан. Окуучулар даярдаган дубал газеталарын чечмелеп коргошту. Уюштуруучу жана кыргыз тил мугалими Аматбекованын айтымында, окуучулары жакшы даярданышкан.
Мектептин окуу бөлүм башчысы Турсумкан Абдыгулова тегерек стол жаккандыгын билдирди. “Даярданып ар ким аракет кылып өткөрүшкөнүнө караганда менимче жакшы деп ойлойм”, — деди ал.
Тегерек столдун катышуучусу 9-класстын окуучусу Райхан Раманкулова сынакка тегерек столго даярдыгы тууралуу:
“Бул иш чарага негизи жакшы эле даярдандык, колубуздан келишинче аракет кылдык жана сүрөтчү кызыбыз Мырзагүлгө рахмат көп ишти ошол бүтүрдү. Буклеттерди, дубал газеталарды жана рефераттарды жазып келгенбиз. Тегерек стол мен күткөндөн дагы жогорку дээнгелде өттү деп ойлойм”, — деди Райхан.
Тегерек столдун дагы бир катышуучусу Афтандил кызы Сайран тегерек столдон мурда билбеген нерселерин үйрөнгөнүн айтат.
«Бул тегерек стол болгону жакшы болду. Себеби мурда билбеген нерселерди билип алдык. Кыргыздар эмне себептен качканынан маалыматым бар болсо да мынчалык билчүү эмесмин”, — дейт Сайран.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн