Курама уулу Турусбек мектебинде математика сабагынан курс ачылды. Бул курскта 11-класстын окуучулары ЖРТга даярданып жатышат.
Мындан тышкары жакында кыргыз тил сабагынан да курс ачылганы жатат. Бул курска 11-класстын окучулары бир айга 300 сомдон төлөп окушат.
Курстун катышуучусу Мунара Бакытбекова максатым Жалпы республикалык тесттен жакшы баа алуу дейт.
“Менин негизги эле максатым ЖРТдан тест тапшырып, жогорку окуу жайга өтүп кетсем деген ой. Албетте бул курс мага жакты жана өзүбүздүн шарткка жараша баасы туура деп ойлойм. Бул жактан өзүмө керектүү нерселерди үйрөнүп жатам”, — деди ал.
Курска катышып жаткан Бегимай Анарбекова төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Азыркы 11-класстар тапшыра турган республикалык тесттен жакшы баа алуу максатында келип жатам. Албетте айыл жергеси үчүн бул баа туура деп ойлойм жана курс мага абдан жакты. Бул жактан абдан көптү үйрөнө алдым”, — деген ойдо Бегимай.
11-класстар үчүн курс жумасына эки жолу 2 саатан болуп турат. Математика курсун өткөрүп жаткан Толкун Аскарова маек берүүдөн баш тартты.
Бул математика курсунан башка орус тил жана англис тил сабактарынан да курстар болуп жатат. Орус тил сабагынан 7-класстар жана 9-класстар катышып жатышат. Анын баасы да 300 сомдон болуп жатат.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн