Төө бурчак тазалоочу жайда учурда отуздан ашык адам бир килограммын эки сомдон тазалап иштейт. Бул жерден тазаланган төө бурчак Түркия жана Европага жөнөтүлүүдө.
«Биз өзүбүз элеп беребиз, сортоочулар сарыларын эле тазалашат. Бизде заказ менен 25-50 тонна бир камаз толсо эле кете берет», — дейт ишкананын директорунун орун басары Бакай Алымбеков.
Төө буурчак тазалоочулар түшкү тамактарын өздөрү алып келишет. Бул жерде иштегендердин жаш курагы 18ден 40ка чейин.
Иштегендерди жумушка унаа менен алып келип, кайра жумуш убактысы бүткөндө жеткиришээрин айтат Замира Алыбаева.

«Күнүнө үйдө бекер отурганча бул жерден 300-400 килограмм тазалап, акча табабыз», — деди иштегендердин бири Замира Алыбаева.
Ушундай жумуш болгонуна сүйүнгөнүн билдирип кетишти иштөөчүлөр. «Чаңдын дагы зыяны бар, бирок биз беткап киебиз, бет кап кийбегендер күнүнө бир литр сүт алып келип ичишет», — деп кошумчалады Алыбаева.
Иштегендер үчүн муздак жана ысык суу бар. Иш бүткөндөн кийин душка кирип тазаланып кеткенге шарттар түзүлгөн.
Даярдаган: Нуржигит Жээнтаев
Сынак үчүн