Сүлүктү шаардык Ооган согушунун ардагерлери 15- февраль күнү белгиленүүчү Интернационалисттик милдетин аткаргандыгынын 27 жылдыгын белгилөөнүн алдында. Бул боюнча уюмдун төрагасы А. Кенжебаев төмөнкүдөй маалымат берди.
— Биз офисибизге чогулуп, майрамды кандай белгилөө жөнүндө кеңешип жатабыз. Албетте бизге Сүлүктү шаардык мэриясы, шаардык Кенеш жана Кошбулак аймактык башкармалыгы уюштуруу иштерине жардам берүүдө. Ошондой эле «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич демөөрчүлүк көрсөтуп жатат. Анын колдоосу менен 12-февралдан баштап согушта жана согуштан келгенден кийин курман болгон куралдаштарыбыздын үй-бүлөлөрүнө бекер көмүр жана акчалай жардам жеткирүүнү баштайбыз. Калган шахталар деле жылдагыдай жардамын берүүгө аракет кылып жатат. Негизинен бардыгына ыраазычылык билдиребиз.
Кабарчы: Б. Сапаркулов