Диний экстремизм маселеси бүт дүйнө жүзүн түйшөлтүп жатканда, Сүлүктү шаарында диний экстремизмге каршы кандай аракеттер жүрүүдө?
«Акыркы маалыматка караганда облус боюнча 90 жаран, анын ичинен Сүлүктү шаарынан 2 жаран Сириядагы согушка катышып жүрөт. Биз күч органдарына эле коюп тим болбой жалпы коомчулук күрөшүшүбүз керек»- деп маалымдайт, Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин начальниги И. А. Назаров.
«Диний ишенимдерге берилип эмдөөдөн баш тартып жаткан жаш үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Азыр шаар боюнча 12 ата өз баласын эмдетүүдөн баш тартып жатат. Тушүндүрүү иштеринен кийин 10 ата макул болду, экөө дагы эле өтө элек. Бардыгы намаз окуган аталар. Ошолорго түшүндүрүүнү колго алайык»- деп маалымат берди шаардын Башкы Врачы А. А. Ибрагимов.
«Сүлүктүдө 2015- жыл ичинде жана буга чейин да экстремисттик китептерди, дисктерди баракчаларды таркатуу же ушундай аракеттер болгон эмес. Бирок Россияга иштегени барып, анан ары Сирияга өтүп кетип каза болгон жаран бар. Ал Умаров Илияз. Эми муну менен бизде баары жакшы деп тынч отурбай, алдын алуу иштерди күчөтүү керек.»- дейт Милициянын начальнигинин орунбасары А. Г. Чумаев
«Сирия маселеси жана дүйнөдө жүз алып жаткан террор маселесине ИСЛАМ дининин эч тиешеси жок. Ислам дини бирөөнү өлтүрбө, бирөөгө каттуу мамиле жасаба деп тарбиялайт. Дин маселесине келгенде молдолорго сөз тиет. Бул да туура эмес. Сүлүктүнүн 14 имамы атайын курстан өтүп, аттестацияланган. Бардыгы мыйзам чегинде. Ал эми Орозо Фитр боюнча бардыгы муфтияттын көзөмөлүндө. Ал эми даават маселеси боюнча Исламда дин таркаткыла деп айтылат. Бирок кээ бирөөлөр аша чаап жаткандар да жок эмес. Азырынча көйгөй жок»- дейт Баш Имам хатиб Молдо Муса Жолдошев.
Жогорудагы маалыматтар 11.02.2016 жылы өткөн координациялык кеңешмеден алынды.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров