Тоң районунун Кара-Талаа айылында «Арал» булуңу кыш мезгилинде дээрлик тоңуп калгандыктан, айыл тургундарына эс алууга жакшы шарт тузулду. Бир жагынан мындай чоң муз аянтчасы болсо, бир жагында ак куулар кышкысын мекендеп, укмуштуудай көрк берет.
Бирок, эч ким бул жакка көңүл бурбай , өнүгүү жагынан аксап келет. Жайкысын ысыктан сактануучу, ал эми кышкысын кар жаабаган Кара-Талаа айылынын тургундары үчүн чер жазуучу булуң көзөмөлгө алынып, жакшы шарттар түзүлсө, жаштар үчүн спорт менен машыгууга жакшы шарт тузулмок.
Айыл тургуну Руслан Узаков: «Арал»булуну жөнүндө өз оюн билдирди: «Ааламга жол айылдан башталат демекчи, балким, «Арал» булуңуна көнүл бурулса, айылыбыздан да чыгаан спортчулар чыкмак. Анын үстүнө айылыбызга туристтерди да тартсак, каражат табууга да жакшы шарт түзүлмөк»
Эгерде аталган жерге көңүл бурулса, айыл тургундарына чоң пайда болот деген ойдобуз.
Даярдагандар: Саламатнур Маратова,
Гулбарчын Тилекова.