Тоң районунда жакында 12 мектеп арасында спорттук мелдеш жүргүзүлөт .Ушул мелдешке Болот Алаков мектебинин окуучулары кызуу даярданууда.
Аталган мектептин дене тарбиячысы Алаков Дайырбек спорттук мелдеш боюнча кабарчыбыз Акжол Ишенбай уулуна өз оюн билдирди:
«Быйыл Тоң району боюнча окуучулар арасында 14-спорттук мелдеш 2 этап боюнча жүрөт. 1-этабы 17-февралда ордо,тенис,тогуз коргоол,шахмат боюнча өтөт. Ал эми 2-этабы 18-мартта волейбол, баскетбол, футбол боюнча жүргүзүлөт. Мелдеш Кара-Шаар айылындагы Э.Салыкбаев атындагы орто мектебинде өтөрүлөт. Ал эми финалдык оюндар Бөкөнбай айылында болот».
Болот Алаков мектебинин спорт министри Узаков Бактыяр мелдештерге болгон даярдыктар, жана даярданууда болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтты:
«Даярдыктар жакшы эле болуп жатат, саат 14-18ге чейин даярданып жатабыз. Эгер шарт болсо мындан да даярдыктар күчөмөк. Ал эми кыйынчылыктар жөнүндө айта кетсем бизде шарт жок. Мисалы волейбол, баскетбол ойногонго топтор жетишпейт».
Мелдештин катышуучусу Кылымбек Кулукеев Болот Алаков мектебинин окуучулары кандай орундарды камсыздандыра ала тургандарын айтты:
«Биздин окуучулар жыл сайын эле байгелүү орундарга ээ болобуз. Районго чейин барып алдыңкы орундарга ээ болгон окуучуларыбызда бар».
Жакында боло турган мелдеште Болот Алаков мектебинин окуучуларына байгелүү орундарга ээ болушуна тилектешбиз
Даярдагандар: Эркайым Асанканова, Акжол Ишенбай уулу.