23-24-ноябрда Балыкчы шаарындагы бюджеттик мекемелер арасында спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн V Спартакиада уюштурулду. Спартакиадага билим берүү кызматкерлери өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп, жогоруда айтылган спорттун көпчүлүк түрлөрүнөн биринчи орундарды алышып, мекемелер арасында биринчиликти багындырышты.
Спартакиаданын уюштуруу иштерине активдүү катышып, мектеп окуучуларынын спортко болгон кызыгуусун арттырып, окутуп — тарбиялоодо кошкон зор салымдары үчүн бир катар дене тарбия сабагынын мугалимдерине Билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.
Перизат Саякбаева, Зубаржад Жалилова