Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде «Замана» усулдук бирикмесинин жумалыгынын алкагында класстан тышкаркы иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Р.И.Кубанова жана Н. Рахматова 9-10-класстарынын окуучуларынын арасында «ОЙЛОН, ИЗДЕ, ТАП!» аталышында интеллектуалдык таймаш өткөрүштү.
Таймаштын максаты — окуучулардын алган билимдерин бышыктоо менен алардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, тапкычтыгын өнүктүрүү. Таймашка 9-а классынын «Эрудиттер», 9-б классынын «Билермандар», 9-в классынын «Тапкычтар», 10-а классынын “Дилгирлер», 10-б классынын «Билимдүүлөр» топтору катышышты. Ар бир топто үчтөн окуучу болду. Ар бир топ өздөрүнүн команда аталыштарын жактап, девиздерин айтышты. Андан соң таймаш башталды.
Интеллектуалдык таймаш 3 турдан турду:
1-тур
🔸»Манас» эпосу
🔸С.Каралаев
🔸Ч.Айтматов
🔸Тил илими
🔸Тарых категорияларынан турду
Ар бир категорияда бештен суроо болду. Суроолор 100дөн 500гө чейинки сандар менен белгиленген. Топтор кезек-кезеги менен категорияларды, суроолор жазылган санды тандоо менен жооп беришти, туура жооп берген учурда көрсөтүлгөн сан упай катары саналды.
1-турдун жыйынтыгы менен упайлар саналып, 3 топ 2-турга өтүштү. 2 — турга өткөн топтор өздөрүнүн тапкычтыгын, шамдагайлыгын, логикалык ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүштү.
Бул турда 2 категория боюнча тапшырмалар берилди:
1️⃣“Сөз оюну»;
2️⃣»Логикалык суроолор».
Мында дагы топтор кезектешип санга жашырылган суроолорго абдан активдүү жооп беришти. Жыйынтыгында 3-тур финалдык турда «Дилгирлер» 1200 упай, «Тапкычтар» 1000 упай, ал эми 850 упай менен «Билимдүүлөр» тобу ат салышты.
Финалдык турда «Маданият», «Илим», «Курманжан», «Тарых» категориялары берилди. Финалдык турдун шарты боюнча финалисттер категориялардын арасынан ар бир топ бирден категорияларды алып салууга укугу бар. Алар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышып, бир гана «Тарых» категориясынын суроосуна жооп берүү керек болду. Ортодо тартыш жаралып, топторго кошумча тапшырма берилип, 10-б классынан түзүлгөн «Билимдүүлөр» тобу берилген тапшырманы туура аткарып, биринчиликти алышты. Ал эми 2-орунду 10-а классынын «Дилгирлер» командасы, 3-орунду 9-в класстарынан түзүлгөн «Тапкычтар» курама тобу багындырды.
Интеллектуалдык таймашка келип катышкан агай-эжелер таймаштын жүрүшү боюнча өз ойлорун айтып өтүштү. Мектептин тарбия-иштери боюнча директордун орун басары, кыргыз тили жана адабияты мугалими Б.Туркөбаев, кыргыз тили жана адабияты мугалими М.Мамбетиманова, башталгыч классынын мугалими Д.Оторбаевалар таймаштын эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилөө менен окуучуларга окуудагы албан-албан ийгиликтерди жарата берүүсүн, эжелерге чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.
Зубаржад Жалилова