Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 миллион 680 миң 750 бодо мал бар. Кыргызстанда бардык чогултулган мал калдыктарын кайра иштетүү 16 миллион тоннага чейин суюк жер семирткичтерди өндүрөт жана республиканын айыл чарбасынын керектөөлөрүн толук канааттандырат. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биогаз технологиялары» аттуу симпозиумда айтылды.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин кызматкерлери, өнөктөштөрдүн чакыруусу менен аталган симпозиумга катышып келишти. Симпозиум (илимий маселе боюнча өткөрүлчү эл аралык кеңешме), «Айыл чарба министрлиги» жана «Айлана чөйрөнү коргоо» департаментинин колдоосу менен «FLUID» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Аталган иш чарага JICA долбоорунун менеджери Кунио Нишизаки, FLUID коомдук фондусунун өнүктүрүү боюнча директору Татьяна Веденева, «j-lead» президенти Хидеюки Иношита, Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи баш болгон чет өлкөлүк өнөктөштөр катышышты.
Симпозиумдун чет өлкөлүк өнөктөштөрү:
Андан сырткары «Айлана-чөйрөнү коргоо» департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев «ОСКнын негизги ишмердүүлүгү» жөнүндө баяндама жасагандан кийин Кыргызстандагы жеке ишкерлер,
№43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев «Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биогаз технологиялары» аттуу эл аралык илимий кеңешмеден кийин төмөнкүдөй ой-пикирин билдирди.
«Бүгүнкү жыйында биз көп маалыматтарды уктук. Азыркы учурдагы замандын глобалдуу проблемалары бардык өлкөлөрдү жана дүйнө элдерин тынчсыздандырууда. Себеби, заманбап шарттарда адамдын айлана чөйрө менен болгон мамилесинин натыйжасында болуп көрбөгөндөй жаңы коркунучтар пайда болууда, алардын бири глобалдык климаттын өзгөрүшү. Биз азыр лицейде окуган, айыл чарба өндүрүшүнүн устаттарын келечектеги жаш дыйкандарды органикалык жер иштетүүгө, таза кыртыш, таза үрөн, таза тамак, дени сак инсан деген принципке маани беришин талап кылып, аң сезимине киргизип, кесипке үйрөтүп окутушубуз керек».
Турсун Омуралиева