Кара-Талаа айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу токтоп калбастан уланууда. Жакында эле Ажыбаева Райкан көчөсүнө заманбап жарык беруучу лампалар орнотулду.
Кара-Талаа айылынын башчысы Тынчтыкбек Ашымов жарыктандыруу боюнча маалымат берди.
“Жарыктандыруу сунушун Айыл өкмөт башчысы Мамбеткеримов Акылбек Токтошович киргизди. Демилге өзүмө таандык. Каржылаган Айыл Өкмөтү.”
Жарыктандырууга жумшалган каражат тууралуу Улахол айыл өкмөтүнүн Финансы бөлүмүнүн башчысы Курманалиев Алымкулдан кабарчыбыз Айдай Узакова билип келди:
“Кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Жалпы эсептегенде 250000 сом сарпталды.”
Айыл тургундары көчөлөрдү жарыктандырылганына кубангандыгын жашырышкан жок.
“Мурда көчөлөрдө жарык жок болгондуктан малдарды унаалар сүзүп кетчү. Эми жарык орнотулгандан бери андай нерсе катталган жок. Бул жарыкка элдин бардыгы ыраазы болушууда.”
Даярдагандар: Айдай Узакова, Керим Медербеков, Сейтек Мукашев