12-февралда Б.Алаков атындагы орто мектебинде окуучулардын зордук-зомбулугун, кылмыштуулугун алдын алуу боюнча жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка райондук прокурордун орун басары, мамлекеттик администрациядан, райондук билим берүү бөлүмүнөн, балдарды коргоо жана колдоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар катышты.
Тоң райондук администрация башчысынын орун басары Нурия Өндүрүшовна жыйналыштын максаты тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Азыркы өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук топтун алдын алуу максатында келгенбиз. Азыркы учурда балдардын өз өмүрүн өзү кыйуу боюнча алдын алуу, ошону менен бирге диний экстремизм боюнча балдарга, ата-энелерге жат көрүнүш экендигин түшүндүрүп кеттик».
Калмурат Райымкулович жыйналышта балдар тууралуу эң жакшы маселе талкууланганын кабарчыбыз Кылымбек Кулукеевге айтып берди:
«Бизге жыйналышта сабактан кийин кечкисин каякка барып жатат, эмне кылып жатканын билип, мугалимдер менен да тыгыз байланышта болуп, көп баскан балдарды көзөмөлдөш керек. Кечкисин балдардын эшикке чыгуусуна ата-эне күнөөлүү деп ойлойм».
Мектеп окуучусу Дастан Жукалаев рекетчилик эң жаман нерсе экенин түшүнгөндүгүн билдирди:
«Рекетчилик эң жаман нерсе жана адам өмүрүн кыюу, суицид алардын катталышы негизинен туура эмес. Менин оюмча рекетчиликти токтотуу керек».
Жыйынга катышкандардын көпчүлүгү алдын алуу иштери көп-көп болуп турса деген оюн билдиришти.
Даярдагандар:Кылымбек Кулукеев
Үмүтай Аттокурова
Дастан Акатов