Ак-Талаа аймактык оорукканасынын статистика бөлүмү берген маалыматка ылайык 2015-жылы жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркаган 99 адам каза болгон. Район боюнча аталган оору менен жалпы 1078 адам каттоого алынган.
Булардын ичинен 211 жаңы катталгандар болсо, калганы көзөмөлдө тургандар. Ал эми белгилеген көрсөткүчтүн 703үн аялдар түзөт.
Аймактык оорукананын кардиолог дарыгери Р.Мамашарипов: Ооба туура. Эмне үчүн? Антени аялдар оорунун биринчи күнүндө эле дарыгерге көрүнүп, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алышат. Бирок чынында бул дарт менен эркектер көп жабыркашат. Тилекке каршы алар жүрө беришет. Анан акыркы чегинде келип көрүнүшөт. Андай учурда медицина жарам бере албай калат. Негизи эле адамдардын журөк кан -тамыр оорулары менен жабыркап калышынын ар түрдүү себептери бар” дейт.
Даярдаган: Мамытбекова Г