Бири камчы согуп бири тикмечилик менен алектенип, мырза өз үй-бүлөөсүн багып, айым болсо жолдошуна чоң жардамын тийгизип келет.
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Азамат Маматкулов бул өнөргө окуучулук күндөрүндө эле кызыгып жүрчү экен.
“Мен камчы жасай баштаганыма быйыл эки жылдын жүзү болду. Мурун туугандарыма, өзүмдүн келинчегиме жасап белекке берчүмүн”, — дейт кол өнөрчү Азамат.
Камчылардын баасы миң-эки миң сомдон сатылаарын айтат ал.
“Сапатын жакшы кылып жасап үйгө коюп коём, эгер баасы жакшы келишсе анда сатам. Бул камчыларды өтө баалуу нерселерден жасалгандыктан баасы да жогору болот”, — дейт.
“Камчынын сабын ар кандай нерселерден жасайм. Мисалы, сабын эликтин бутунан, жапай текенин мүйүзүнөн. Аларды жөн гана түз кылып койбостон ийип ар кандай формаларга келтирип, кармаганга ыңгайлуу кылам. Сабынын баштарын арстандын сөлөкөтүнө окшоштуруп, боз үйдүн түндүгүнө окшоштуруп колуман келишинче кооз кылганга аракет кылам”, — деп кошумчалады Азамат.
Айылдын дагы бир тургуну Асел Жайнакова тикмечилик менен 20 жылдан бери алектенип келет.
“Мен 18 жашымда курак куроону өзүмдүн апам үйрөткөн. Ошондон бери ар кандай нерселерди курайм, тигем”, — дейт ал.
Ал эми элдерден заказ алып иштегенине 15 жылдай болгон. Жайнакова жер төшөктөрдү, жаздыкчаларды жана кармамаларды тигет.
“Алардын материалдарын базардан сатып келем, заказ бергендердин кээ бирлери өзүлөрү беришет. Жакшы, сапаттуу кездемелден тигилгендиктен алардын баалары да кымбатка туруп калат. Мисалы, бир жер төшөктүн баасы 800 сомго барса, жаздыкчанын баасы 100 сом турат”, — дейт тикмечи айым.
Ал эми кармамалардын баасы өлчөмдөрүнө жараша болот. Чоң эркек-айымдардыкы 500-600 сом болсо, кыз келиндердики 300сомдон 500 сомго чейин барат, кичине кыздар балдардыкы 200-300 сом болоорун кошумчалады Асель Жайнакова.
Авторлор: Рита Кеңешова, Мадина Кеңешова
Сынак үчүн