Баетов айылдык кеңешинин депутаты А. Нурматов 8 жылдан бери өтүкчүлүк кесип менен каражат таап, үй-бүлөсүн багып келет. Өтүк ултаруу, тигүү, кайра жасоо каараманыбыздын сүйүп жасаган жумушу.
Бөлмөсүндө 3-4 жылдап алынбай калган бут кийимдер да жок эмес. Адатта ремонтко берилген бут бут кийимдерди сактоо мөөнөтү 3 ай. Ээлери келбей узакка туруп калган жасалган бут кийимдерди муктаж адамдарга берет.

Ал эми материалдарды болсо шаардан атайын буйрутма менен алдыртат. Айыл маселесин көңүл сыртында калтырбаган депутат жакынкы шайлоого кайрадан талапкерлигин коюуга даярданып жатат.
Даярдаган: Мамытбекова Г