Токтоян айылына караштуу А. Коёнкөзов атындагы мектептин 8-9-класстарынын окуучулары Манас таануу атайын акыл таймашка барып келишти. Бул таймашка 7 айылдын мектеп окуучулары катышышты.
Мелдеште 7 айылдын окуучулары катышып, мелдеш Арал айылында өттү. Токтояндан барган мектеп окуучулары жакшы даярданышкандарын айтышты.
«Биздин окуучулар жакшы даярданышыптыр, болгон аракет күчтөрүн көрсөтүштү, ошол биздин окуучулар 3 орунду алышты бул жаман эмес», — деген оюн айтты Дастан Оңолбеков.
Мелдешке Арал, Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян, Сары-Дөбө, Миң булак айылдарынан окуучулар катышышты. Мелдеште Манас эпосу боюнча көптөгөн суроолор берилип, окуучулар аларга туура жооп бергенге аракет кылып жатышты. Мелдеште ар бир мектептин мугалимдери калыстык тобунда тандалып, калыстыктарын көргөзүштү.
Даярдаган: Нурпери Нуркасым кызы, Малика Турдубекова
Сынак үчүн