Түп районунун Токтоян айылындагы А. Коёнкөзов орто мектебинде “Бирге окуйбуз” долбоору ѳтүүдѳ. Анда мектептин 1-классынын окуучуларынан баштап 4-класстын окуучуларына чейинги окуучулар катышууда.
Долбоор USAIDдин карамагында өткөрүлүп, ага мектептен 116 окуучу катышып жатат.
“Азыркы кезде Түп району боюнча 22 мектеп бул долбоорго катышып жатат. Бул долбоорго катышууда башында түшүнбѳй бир аз кыйынчылыктар болуп аткан. Азыр жакшы иштеп, окуучулар менен жана ата-энелер менен бирдикте катышып жатабыз”, — деп айтты айыл тургуну Салтанат Бөрүбашова.
Бирге окуйбуз долбооруна катышып жаткан 4-класстын окуучусу Даниел Сагындыков иш чарага кантип катышып калганы тууралуу кыскача ой бөлүштү.
“Бизге эжей Чыңгыз Айтматовдун жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан суроо берип, биз ал суролорго жооп бердик. Арабыздан туура жооп бергенибизди “Бирге окуйбуз долбооруна” катышасыңар деди. Мен алардын бири болуп калдым», — деди 4-класстын окуучусу Даниел.
Даярдагандар: Нурпери Нуркасым кызы, Малика Турдубекова.
Сынак үчүн