Улуу Ооган согушуна быйыл 27-жылдын жүзү болду. Ага токтояндык төрт адам катышып келген. Учурда алардын баары айылда жашап, мамлекеттин жөлөкпулун алып турушат.
Ооган согушуна катышкан айыл тургуну Марат Молдокматов 1978-жылы советтик армияга кызмат өтөө үчүн барган. Ал адегенде алыскы чыгышка барып, борбордук азиялык аскердик аймагында, андан ары Афганистанга кеткенин айтып өттү.
“Анан Афганистанда кызмат өтөп калдык. Кандагар шаарына чейин бардык. Ал жерден Кушка аркылкуу өзүбүздүн кызмат өтөгөн Ышындант деген жерде болдук. Учурда жашоом жакшы. Төрт балам бар. Мамлекет бизге алты миң сомдук жардамын берип, каралашып турушат. Мурда да атайын бизди курортко алып барып турчу”, — деп баяндады согуш ардагери Молдокматов.
Айылдын тургуну 6-классынын окуучусу Сезим Төрөгелди кызы согушка катышкан улуу агаларына терең ыраазычылык билдирээрин айтты.
“Мен Ооган согушка катышкан аталарым менен абдан сыймыктанам. Бизге ушундай жакшы жашоо тартуулагандарына терең ыраазычылык билдирем жана аларга ар дайым таазим этем”, — дейт Сезим.
Даярдагандар: Нуриса Максат кызы, Адилия Мундукова.
Сынак үчүн