Бакай-Атада 19-февраль күнү В. И. Ленин орто мектебинде окуучулар арасында таймаш болуп өттү. Бул таймаш шахматты жана тогуз коргоолду өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Мектеп директору Курманбек Мамбеталиев таймаштан жеңүүчү болгон топ райондук спартакиядага катышуу укугун алат деп билдирди.
”Бул оюнда азыр демөөрчү деген жок, зоналык оюнда эч нерсе берилбейт. Райондук таймаштан сыйлыктар берилет”, — деди мектеп директору.
Бакай-Атада өтүп жаткан шахмат турнирине төрт айылдын окуучулары катышууда. Наматбек айылындагы Жанчаров мектебинин мугалими Марат Шаршенов Ленин мектебинин окуучулары менен катар Жанчаров мектебинен келген окуучулар да ийгилик жаратып жатат дейт.
Жанчаров мектебинин 8-классынын окуучусу Айжамал Адылбек кызы оюн учурунда катуу толкундандыгын айтат. «Мага атаандаштарым көп деле кыйынчылык жараткан жок”, — деп кошумчалады Айжамал.
Даярдаган: Алина Үсөнкул кызы, Айдай Сапарбек кызы
Сынак үчүн