Учкун айылында алгебра, информатика, тарых сабактары боюнча эстафета өткөрүлдү. Эстафетага төрт айылдан он мугалим катышты.
Семинарга келгендерди гимн менен окуучу жана мугалимдер тосуп алышты, кийин мектеп боюнча саякат кылып, кабинеттер менен таанышышты. Андан соң семинар ачык сабактарга катышуу менен коштолду.

«Максаты улуу «Үркүндүн 100 жылдыгына» карата, быйылкы тарых жана маданият жылына карата, кыргыздардын улуттук боштондук көтөрлүштөрүн коомчулукка жеткирүү боюнча иш-чараларды өтүү болуп эсептелет. Андан сырткары алгебра жана информатика сабактары боюнча ой жүгүртүү көнүүгүлөрүн өстүрүү, усулдук аймактардан иш-тажрыйбаларын алмаштыруу болуп эсептелет. Регламенттер толук өз максатына жетти. Семинарга бир жума даярдандык, кулактандыруу жиберилип баары келишти», — деп белгилеп өттү Мурат Садыков.
Математика мугалими Айпери Асанбекова өрөөндөрдөн келген мугалимдерине сабак өтүп берди. «Өрөөндөгү мугалимдерге иш-тажрыйбабызды алмашып, чакан предметтик иш-чаралар ачык сабактарды өттүк. Биздин эмгегибизди ошол катышкан адамдар баалайт го деп ойлойм», — дейт Асанбекова.
Семинардын уюштуруучусу Анара Мамырканова өзү демилге көтөрүп, аягына чейин чыгарууга жетишкенине токтолду.
«Ушунча кишини семинарга чакырыш деле оор болду. «Атом усулдук аймагы» былтыр эң мыкты усулдук аймак номинациясын жеңип алганбыз. Дагы бир чети ошону көрсөтөлү дедик. Өзүбүз демилге көтөдүк демилгебиздин аягына чыгып ушул семинарды өттүк»- деди семинардын уюштуруучусу.
Сүйүмкан Максүтова Жусупова орто мектебинен семинарга катышуу үчүн келген. Ага окуучулардын слайд менен иштегени жаккан.
«Миң уккандан бир көргөн артык демекчи слайд менен бир көрүп эле мээбизге баарын сактап алдык. Бир көргөндө эле окуучу билип калат да кечке айта берсең баары бир болуп калат. Жакпаган жери математик-информатиктер ачык сабак деле өтүп койсо болмок, супсак болуп калыптыр», — деп биз менен оюн бөлүштү.
Окуучулар семинардын пландаштырылбай, даярдалган дебаттар, коюла турган сценкалар коюлбай калганын айтышты.
Даярдаган: Жанара Баялиева
Сынак үчүн