7-апрелде Элдик революцияга 6 жыл болот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Баатырлар залы уюштурулуп, ага дубал газеталар, окуучулар тарткан сүрөттөр коюлду. 10-апрелге чейин бул жерде класстык сааттар, жолугушуулар, линейкалар өткөрүлөт. Зал уюшулгандан тартып окуучулар гүл коюшууда.


“Баатырлар залын” уюштуруудагы негизги максат: 7-апрель Кыргыз элинин тарыхындагы оор окуялар менен коштолгон күн. Бул күнү кыргыздын ондогон азамат уулдары кандуу бийликтин курмандыгы болушкан. Алардын атын өчүрбөй даназалап, эскерип туруу атуулдук парзыбыз. Окуучулар да тарых баракатарындагы бул күндү унутпашы керек ” дейт мектептин директору Ч.Рысбаева.
Эскерте кетсек, 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу окуяда райондун аймагынан Камаев Усөнбек, Ажымамбетов Акылбек жана Карасартов Адилет курман болгон.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида,
тренер: Айылчиева Адина