Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган.

Апанын айтымында, ортончу уул келини 6 баласын таштап Россиядан иш издеп кеткен. Балдарынын уулусу 7-класс болсо, кичүүсү бир жарым жашта.
«Пенсия карыздан ашпайт. Азыр эми 7-класс окуган неберемдин бут кийими жок. Айламды таппай отурам. Үйдөгү келиним жогорку билимдүү. Иш жок», — дейт Мамбетова.
Бейшеналиев мектебинин социалдык педагогу Б. Жангазиева «биз тиешелүү жактарга кайрылып көрөбүз» дейт. Биз да бул маселенин оң тараптуу чечилишине аракет кылабыз.
Даярдаган: Г. Мамытбекова