Чоң-Арык айылынан чыккан ырчы Бектур Шаршеналиев окуучулар менен маек куруп, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Жаңыдан чыгып жаткан ырчы Бектур Шаршеналиев Чоң-Арык айылындагы саамалыкта төмөнкүлөргө токтолду.
“Мага абдан жакты таланттуу балдар көп экен. Ошо сыймыктанып жатам, өзүмдүн айылымда ушундай таланттуу балдар, кыздар бар экенине. Боло турган концерт боюнча, бул бата алуу концерти. Концерт эч кандай акча талап кылбайт. Бул жерге менин чыгармачыл дос балдарым келип катышат. Бардык ырларым жандуу үн менен ырдалат. Бул концерттин жакшы жагы ошонусу менен өзгөчөлөнөт. Алдыга койгон пландарым, Москвадагы “Голос” деген долбоордон өтүп калсам, ошол жакка барам. Бирок азырынча белгисиз. Эми ушул концертти өткөрүп алсам, алдыда айылым жөнүндө ыр жазгым келип жүрөт. Буюрса ошол ыр бүтүп калса, силер угасыңар деп ойлойм”, — деп токтолду Шаршеналиев.
Саамалыктын уюштуруучусу Коргоол атындагы орто мектебинин мугалими төмөнкүлөрдү айтты.
![IMG-20160409-WA0003[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/IMG-20160409-WA00031.jpg)
“Бул саамалыкты уюштурууга ойлонуп отуруп, телевизор көрүп анан ушундай ой келди. Мектептеги окуучулардын көзүн ачуу болду. Биздин айылдагы жаштардын ой-пикирин, суроо берүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүү. Негизи айылдан чыккан талант катары, мектептен жолуктуруп, 29-апрелде бата алуу концертин уюуштурат экен. Ошо балдардын сынагынан бир өтүп кет деген максатта “Балдардын сынагына сынбайсынбы?» саамалыгын өткөрдүм. Окуучулар активдүү катышты, өздөрүнүн өнөрлөрүн көргөзүштү”, — деп билдирди мектеп мугалими.
![20160408_153337[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160408_1533371.jpg)
11-класстын окуучусу Бейшегул Муратова өтүлгөн маекте ырчы Бектур Шаршеналиев берген суроолорго жана залдагы отурган окуучуларга жетиштүү деңгээлде жооп берди дейт.
«Ал билим жагынан да аксайт экен, берилген логикалык суроолорго жооп таба албай, тамашага салып кутулуп жатты. Дилмаек өтө шаңдуу өттү. Ал өзү жөнөкөй, шайыр адам экен. Жаңылмачтарды кайталап берүүдөн баш тартып жатты”, — деди Муратова.
Даярдагандар: Бактыкан Алтынбекова, Тазабек кызы Мыскал, Нурдин кызы Нурсезим
Сынак үчүн