Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөз мектебинде спорт зал салына баштап, бирок учурда ал токтоп турат. Качан аягына чыгарылары азырынча белгисиз. Окуучулар кышкысын спорт залдын жоктуган кыйынчылыктар болуп жатканын айтышат.

Мектептин дене тарбия мугалими Нурлан Молдоказиев кышкысын сабакты класска өтөөрүн төмөндөгүчө баяндады.
“Биздин мектепте спорт зал жок болгондуктан, окуучуларга кышкысын класска сабак өтүшкө туура келет. Себеби суукта сыртта ойнолуучу оюндарды ойното албайбыз. Учурда суук түшүп кеткендигине байланыштуу, окуучулар класста шахмат, тогуз коргоол сыяктуу оюндарды ойноп жатышкан кез”, — деп дене тарбия мугалими токтолду.
Мектеп окуучусу Гүлдана Нурланова спорт зал эртерээк салынса жакшы болор эле деген сөзүн айтты.
“Жайкысын биз сыртта волейбол, баскетбол оюндарын ойнойбуз. Бирок, кышкысын спорт зал жок, топ менен ойнолуучу оюндарды ойной албай калабыз. Спорт зал эртерээк бүтсө биз үчүн жаакшы болоор эле”, — дейт Гүлдана.

Даярдаган: Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн