Түп районунун Токтоян айылында 70-80 сантиметрдей кар түшү. Бул кардын калың түшүшүнө байланыштуу окуучулардын мектепке баруусу бир кыйла кыйындады.
Алардын айрымдары кар жааганына карабастан, мектепке кыйынчылык менен барып жатышат. Учурда да кар токтобостон жаап, калыңды улам сайын жогорулоодо.
Ашырбай Коёнкөз мектебинин окуучусу Кылымбек Айбаров карга байланыштуу мектепке алыс жайгашкан окуучулар келе албай калгандыгы тууралуу төмөндөгүчө баяндады.
“Мындай кардын жаашы биринчи жолу болуп жатат. Мектеп окуучулары үчүн да кыйын болду. Мен мектепке алыс жашайм, бирок бүгүн сабактарды калтырбастан, мектепке келдим. Айрым мектепке алыс окуучулар келе албай калышты”, — деди Айбаров.
Дагы бир окуучу Шамил Таалайбек уулу “бүгүн кардын калың жаашынын себебинен мектепке окуучулар да аз келди. Кар токтобостон жаап жатат. Айрым жерлердеги кардын калыңдыгы 1 метрге жетип калды» дейт.
Даярдагандар: Адилия Мундукова, Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн