Нарын районуна караштуу Учкун айылында тарых сабагынан билим берген Сүйөрбек Токтосеитов Кыргыз Республикасынын призидентти Роза Отунбаеванын колунан ардак грамота алып келген. Ошондой эле агайдын мамалекеттик сыйлыктын ээси, эмгек сиңирген мугалим болгон.

Сүйөрбек агай мугалимдик кесиптин көп тармактарында эмгек сиңирген. Ошондой эле эки кесиптин ээси болгон — 1-агроном, 2-мугалимдик кесип. Бул туурасында Сүйөрбек агай мындайча баяндайт.

«Мен 1944-жылы 1-класска кирип, мектепти 1959-жылы Куланак айылынан бүтүргөм. Ак-Талаа районунда 11 жыл завучтун милдетин аткардым. Андан соң Учкун айылына келип 4 жыл директор болуп иштедим. Мектептеги тарых сабагына кызыккан окуучуларды олимпиядага алып барып, байгелүү орундарга жетишип келдик. Учурда ардактуу эс алуудамын», — дейт Сүйөрбек агай.

Агай ардак грамотанын ээси болгонун аз гана мектеп окуучулары билет. Окуучулардын бири буларга токтолду.

«Мен агай жөнүндө тарых кабинетинен өмүр баянын окуганда гана түшүндүм. Быйыл тарых жана маданият жылы болгондугуна карата биз классыбыз менен агайды чакырып, кече өткөзүп агайды сүйүнтүп коёлу деп жатабыз», — дейт Айдана Төлөгөн кызы.
Даярдаган: Гүлжигит Төлөбай уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн