Швейцариядан алынып келинген өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн Кыргызстанда өндүрүү максатында уюм түзүлүп, Токтоян айылынын айрым тургундары да бул уюмга мүчө болуп, өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн себишкен. Аларга жакшы кам көргөндөрү үчүн эмгектеринин үзүрү кайтып, бирден саан уйга ээ болушту.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана дыйкан-чарба уюму (ФАО) тарабынан Токтоян айылынын тургундарына биринчи жолу мындай көмөк көрсөтүлүүдө.

Айыл тургуну Элнура Төлөева буга чейин Тасма айылында уй ээлерине сертификат берилгенди тууралуу төмөндөгүлөрдү баяндады.
“Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин каржылык жардамы менен, бир саан уйга ээ болдум. Алгач бизге Доржи Кинлай Кыргызстандагы ФАО өкүлү 16-сентябрда Түп районуна караштуу Тасма айылына келип, сертификаттарды тапшырышкан. Ал эми уйга 24-октябрда ээ болдук”, — деди Төлөева.

ФАОнун мүчөсү жана уй ээси Майрамкүл Сыдыкова бул уюмга ыраазычылыгын төмөндөгүчө билдирди.
“Берилген уйлар эки жашта, алар Ала-Тоо пародасындагы уйлар. Баардыгына ыраазычылыгым билдирем. Биринчиден бардыгыбызды чогулткан, Ак-Ниет уюмуна жана бизге көмөк көрсөткөн ФАОго чоң ырахматымды айтам”, — деп кубанычын бөлүштү Сыдыкова.

Даярдаган: Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн