Токтогул районунда таланттуу апалардан түзүлгөн “Ак-Бакай” айымдар тобу маданият жаатында ийгиликтүү иштеп келишет. Бул топ 2013-жылы ак элечекчен апаларды чогултуп, “Ак-Бакай” айымдар тобу иштей баштаган. Ар кандай майрамдарда жана иш-чараларда өз өнөрлөрүн тартуулап келишет.
Топтун жетекчиси Майрамкан Ондошова Токтогул шаардык кеңешинин депутаты болуп эмгектенет. Анын айтымында топтун эң негизги максаты кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын көтөрүүгө салым кошуу:

“Негизинен биздин топто айымдар ар тараптуу, кол өнөрчүлөр бар, дыйканчылык менен да иш алып барган энелер , ырчы-чоорчу, маданиятты көтөрүүгө салым кошкон искусство адамдары бар. Биз жаңы эле “Шайыр апалар” деген телефестивалдын 5-чыгарылышына катышып келдик. Бул телефестивалга катышуу үчүн документтерибизди, сүрөттөрүбүздү жөнөткөнбүз жана катышуу укугуна ээ болдук. ”
“Ак-Бакай” айымдар тобу ачылгандан бери көптөгөн ийгиликтерге жетише алды. Алар тууралуу Майрамкан Ондошова буларды айтып берди:

“Биздин район улуу залкарлардын району болуп эсептелет, анткени Токтогул, Коргоол ж.б. ушул жерден чыккан да. Кайсы жерге барбайлы, Токтогулдуктар ырга-бийге шыктуу болот деген сөздөрдү угуп келе жатабыз. Көчмөндор оюндарында дагы Номад Фест деген фестивалда, этно фольклорлордун арасынан 3-орунду жеңип алдык, 10000 сом сыйлыгы менен. Ошондой эле ипподромдо өз өнөрүбүздү тартууладык. ”


Келечекте бул топ кайрымдуулук концерттерди уюштуруп, бир топ иш-чараларды өткөрүп, Тарых жана маданият жылын жыйынтыктайлы деп жатабыз.
Даярдаган: Нургиза Алмазбек кызы, Айжан Усенканова.