Токтогул районунда 2013-жылдан бери жергиликтүү “Каскад” радиосу иштеп келе жатат. Бул радио толкуну жалпы Кетмен-Төбө өрөөнүнө жана Кара Көл шаарына чейин жетет. Радиодо төрт киши эмгектенип, күнү-түнү иш алып барышат.

Радионун эфиринде куттуктоо программасы, лирикалык ырлар жана ошондой эле көңүл ачуучу программалары байма-бай берилип турат.

Аталган радионун ди-джейи Таалайбек уулу Бекболу жакынкы убакта жаны программаларды алып чыгууну пландаштырып жаткандыгы тууралуу айтып берди:
“ Ди-джей болуп иштегениме эки ай болду. Бир ай стажировкадан өткөндөн кийин эфирге чыга баштадым. Радиодо иштөө абдан кызыктуу. Мисалы бир адамды конокко чакырсаң, ага мамиле кылганды үйрөнөсүң, негизи, ишибиз абдан кызыктуу”.

Шаар тургуну Билимкан Жамгырчиева “Каскад”радиосуна ыраазычылыгын билдирип, эл менен чогуу иштөөгө сунушун айтты:
“Мага “Каскад” радиосунун суроолор боюнча концерт берип, куттуктоолорду бергени жагат. Ошондой эле, ар кандай оюндар уюштуруп турганы жагат. Токтогул районуна ушундай радио келгенине мен абдан кубанам жана дайыма угам. Сунушум, бир эле ошол куттуктоолорду бере бербей, айылдарды кыдырып, суроолорду берип, карапайым калк менен тыгыз байланышта болсо жакшы болмок”.

“Каскад”радиосунун негизги угармандарынын бири такси айдоочулар. Рулда кетип бара жаткан ар бир айдоочу бул радиону жандырат. Жергиликтүү такси айдоочусу өз оюн мындайча билдирди:
”Радио мага жагат.Сунушум айтыштарды жана эски ырларды берип турса жакшы болмок”.
Даярдаган: Нургиза Алмазбек кызы, Шахра Козубек кызы.