Капысынан эрте түшкөн суук Токтогул районунун элинин кышка канчалык деңгээлде даяр экендигин айгинеледи. Токтогул шаарынын тургундары кыш мезгилине даярбы, деги эле кышка камылга көрүүдө кандай көйгөлөр жаралууда, мына ушулар тууралуу “Миң-Дөбө” мультимедиа борборунун кабарчылары шаар тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Электроэнергиянын кымбаттыгынан шаар элинин 70-80% көмүр отунун колдонушат. Учурда көмүр отунун баасы канча, Токтогул шаарынын элине көмүр жетиштүү деңгээлде ташылып жатабы, бул тууралуу көмүр сатуу менен алектенген Шухрат Абдыкалыков айтып берди:
“Көмүрдүн баасы учурда бир кабы 180 сом. Күнүгө ар кандай көлөмдө сатабыз, кээде 1 тонна, кээде 2 тонна. Кээ бир учурда 1-2 кап эле сатылат. Кыш мезгилине даярбыз, карьерден көмүр чыгып турса эле биз алып келип турабыз”
Ал эми карапайым калкта кандай көйгөй бар? Көмүр отунун баасы элди канааттандырабы, бул туурасында шаар тургуну Асанжан аганын пикирин уксак:

“Кыйнчылыктар болуп жатат. Көмүр учурда жок, болсо да кымбат. Бир кабы 150 сом болсо болмок. Таш-Көмүр көмүрүнүн сапаты начар,майда, жарымы эле таш. Мен алган жокмун”
Учурда үй кожойкеси, 4 баланын энеси Суусар Сагынбаева көмүр көйгөйү жок экендигин айтты:
“эл катары кышка камылга көрүп, отун, көмүр деген нерселерди даярдап алдык. Көмүрдүн кабы 180 сом экен, кыш учурунда мындан да кымбаттап кетиши мүмкүн, ошон үчүн азыртадан сатып алып, кышка даяр болуп калдык”.
Даярдаган: Тилек Темирбеков, Нургиза Алмазбек кызы.