Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакчанын абалы начар жана балдардын ойноосуна бөлмөлөр жетишсиз. Учурда бала бакчага 106 бала катталган болсо, күнүнө 97-98 бала келип тарбия алышат.

Бала бакчаны негизинен атайын долбоор менен жеңишип, кандайдыр бир себептер менен долбоордон бөлүп берилген каражат жок болуп, мектептин бир бурчуна жайгашып калышкан.

Негизинен бала бакчада алты бөлмө болгону менен балдардын ойноосуна тардык кылат. Ошондой эле бала бакчанын тарбиячылары жаңы бакча курулса болмок экенин айтышат.

Аталган бала бакчада алты жылдан бери эмгектенинп келе жаткан Назгүл Назарбекова төмөнкүлөрдү айтты.
“Менин жумушум анча деле оор эмес. Бирок тарбиячылардын жумушу бир кыйла оор. Биздин бала бакчанын ичинде жуунган, ойногон, тамактанган, уктаган жерлери бүт ичинде болгондуктан балдарга бир топ эле тардык кылат. Ошондуктан жаңы бала бакча салынса болмок”, — дейт Назарбекова.

Бала бакчанын сырткы көрүнүшү кооз болгону менен ичи тар.
Даярдаган: Баястан Жеңишбек уулу
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн