Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2010-жылдан бери карагай тилүүчү пилорама иштеп келет. Аталган пилорам атайын ПРООНдун долбоорунун негизинде ишке ашып, учурда анда беш киши эмгектенет.

Негизинен пилорама жай мезгилинде кызмат көсөтөт. Ал эми күз, кыш мезгилинде кардарлардын саны аз болот. Учурда пилорамды айыл тургуну Элмурат Алиаскаров иштетип келет.

«Бул пилорам 2010-жылдан бери иштеп келет. Биз атайын ПРООН деген долбоордун негизинде ишке ашып, азыркы учурга чейин иштетип жатам. Күнүнө 1-2 адам келип карайгайларын тилдирип турушат», — дейт Алиаскаров.

Негизинен пилорама айылдагы чоң пилорамдардын катарында. Азыркы убакта айылдагы адамдардын көпчүлүгү Алиаскаровдун пилорамасына келип тактайларын тилдиришет.

Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу, Баястан Жеңишбек уулу, Абаз Эркинбек уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн