Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылынын тарых сабагынан берген Тыным Асанбекова атайын тарых ийримин ачып, Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөзгө 11-класстын окуучуларын экскурсияга алып барды.
Атлаган күмбөз Акталаа районундагы Куртка айылынын жанында жайгашып, жайында Тайлак баатырдын 220 жылдыгына картатта оңдоп түзөөдөн өткөзүлгөн.

Тарых жана маданият жылында өтүүчү чоң иш-чаралардын бири — Тайлак баатырдын 220 жылдыгы болгондугуна байланыштуу тарых кружогунун жетекчиси Тыным Асанбекова окуучуларды Тайлак баатырдын күмбөзунө алып барып, ал жер менен тааныштырып чыкты.
Экскурсияны жетектеген Тыным Асанбекова мындайча баяндады.
«Кыргызстандагы күмбөз архитектурасынын мыкты үлгүлөрүнөн. Күмбөз орто кылымдагы диний архитектуранын салтында бышырылбаган жана чала бышкан кыштан салынган: кумпалуу бөлмөлөр бири-бири менен чакан эшик аркылуу байланышкан. Күмбөздүн маңдай жак бети абдан кооздолуп, жогору жагын көздөй ичкерген колонналары бар. Күмбөз мамлекеттик көзөмөлгө алынган. 2002-жылы реставрацияланып, айланасы корулган. Күмбөзгө жакын жерде ушул эле типтеги башка күмбөздөр да бар», — дейт Асанбекова.
Окуучулар Тайлак баатырдын мүрзөсү менен таанышып, сүрөттөргө түшүштү.
