Кызыл-Кыя шаарында Газпромдун каржылоосунда чоң спорт комплекси курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.
Кызыл-Кыя шаарындагы курулган спорт комплекси боюнча толук маалымат алуу максатында №1 Проекттик институттун директорунун жардамчысы Александр Германовго кайрылдык.
«Бул спорт комплексин курууда Газпром демөөрчүлүк кылган. Курулуш жакшы деңгээлде өткөрүлдү. Бул имараттын курулушуна канча акча кеткени боюнча маалымат бере албаймын. Буюрса имарат пайдаланууга тапшырылса айрым секциялар акчалуу болушу мүмкүн. Биздин милдет имаратты мыкты деңгээлде куруп берүү», — деп билдирди Германов.
Германовдун айтымында, Газпромдун каржылоосу менен Кыргызстан боюнча жалпы жети спорт комплекси курулуп пайдаланууга тапшырылган. Талас, Чүй облусунда, Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарында курулган. Акыркы долбоор боюнча Кызыл-Кыя шаарында курулушу аяктап, пайдаланууга тапшырылуу алдында турат.
Имараттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев келүүсү күтүлүүдө. Президенттин келүүсүнө байланыштуу даярдыктар көрүлүп, айлана чөйрөнү тазалоо иштери жүрүп жаткан учуру.
Ибрагим Галамбетов Газпромдо көп жылдардан бери куруучу болуп эмгектеип келет.
«Биз буга чейин үч чоң комплекстерди куруп пайдаланууга тапшырдык. Эл бизден ыраазы, анткени мындай имраттар көп болсо кылмыштуулук аз болот. Жаштарга жакшы деп ойлойм. Бул жердин курулушу аяктады эми башка шаарларда да курулуш иштерин баштамакчыбыз», — деди ал.
Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Жамила Токтосунова жаштардын эми бош убактысын өткөргөнү дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү дейт.
«Биздин шаарда мындай имарат алгачкы жолу курулду жакшы болду деп ойлоймун. Анткени балдарыбызда ушул жерге келишип машыгышат, кубанычтабыз баарыбыз. Куруучуларга рахмат мындай курулуштар көп болсо — шаарыбыздын көркү», — деп билдирип өттү Токтосунова.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
КМ
Сынак үчүн: