Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулакка каршы» деген аталышта форум театр өткөрүлүп, анда Үч-Коргондогу беш мектептин окуучулары катышты.
Аталган иш-чарада ар бир мектеп кылмыштуулуктун алдын алуу жана анын жаман жактарын келген конокторго чагылдырып беришти. Бул туурасында Пушкин орто мектебинин директору Рано Абидова:

«Беш мектеп ортосунда кылмыштуулуктун алдын алуу жана адам сатуу боюнча атайын форум театр даярдаганбыз. Биз ушул күнгө чейин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн колдоосунда жана «Saferworld» уюмунун каржылоосунда бир топ иш чараларды уюштуруп келгенбиз», — деп билдирди.

Абидова мындай иш-чаралардын өткөрүлүүсү жаш муундар үчүн маанилүү экендигин жана эртеңки күнү жаш муундардын тарбиясына оң таасирин беришне тилектеш экендигин да кошумчалап өттүү.

Үч-Коргондо өткөрүлүүчү иш чарларга айыл өкмөттүн жаштар координатору Азиз Нурмаматов ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин айтып өттү.

«Жаштар үчүн ар дайым эмгектенүүбүз керек анткени эртеңки күн жаштардыкы, бизден жакшылыктар балдарыбызга калсын. Ар бир иш чаранын негизинде эртеңки күнгө ишеним жатат. Ошондуктан баарыбыз аракет кылсак мен ойлойм Кыргызстан келечеги кең болот», — деди ал.

Форум театрдын аягында мектеп окуучулары тарабынан концерттик программалар тартууланды. Катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
ИХ
Сынак үчүн