Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.

– Бул чачбак канчага чыкканы белгисиз. Себеби менин чоң энеме анын апасы белек кылган экен. Ошондо мага ал чоң таэне болуп калат. Таэнеме болсо турмушка чыкканда себине кошуп атасы берген экен.

– Бул салтыбыз бүгүнкү күнгө чейин эле уланып келе жатпайбы. Мисалы азыр кыздарына машина, там, баалуу шакек, сөйкө дегендей. Менин таэнеме атасы бир атты жасалгасы менен токуп берген экен. Ошондон мага чачбагы, билезиги, күмүш топчулары калган.

» Бул чачбакты чачыма тагынып жүрө албагандыктан минтип азыркы заманга ылайктап моюнга тагынгыдай жасалгалап алгам. Анан мага да ата энемен сеп келген ал буюмдарды аздектеп сактап келем, уул,кыздарыма чейин ушинтип сакталып жетсин деп.

Эмне үчүн өңдөрү ак-кара?
– Бул шырдак жасоо менин хоббим. Учурдун талабына ылайык, мода да болуп жатпайбы натуралный деген нерсе ошого ылайыктап боёбостон жасалган. Мурун болсо кийиздер ар түрдүү өңдөргө боёлуп анан чарчы болуп, кесилип оюлса, учурда жеңил болуп калды. Моминтип эле боёбостон, анан көп кескилебестен эле 1 оюу кылып оюуп жасалып калды.

Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?
– Баардык кыздардай эле апамдан да. Чоңоюп үйдөн турмушка чыккыча эле апама кошо кармалашып жасап жүрүп эле үйрөндүм. Негизи мунун атайын үйрөтчү окусу жок да. Энеси өрмөк соксо кызы өрмөк согот, чий соксо чий согот дегендей. Менин апам шырдактын түрүн жасачу ошон үчүн мен да шырдак жасайм дегендей. Анан дагы бир жерим бар. Бир жерге барып жакшы жасалган шырдак көрсөм аны сүрөткө тартып алып кайра жасайм, аны ойдогудай жасамайын уктабайм.

Эженин чачбагына кайра кайрылдык, учурда мунун баасы кандай болду экен?
– Мунун баасы жок. Канча көп айтса акчага кызыгып саткым келбейт. Себеби мен да муну кичүү кызыма берсем деп ичимен бычып койгом. Анткени мен кастарлагандай кылып кызым да кастарлап кызынабы же неберисине өткөзүп беришин каалайм. Акчага кызыгып сатып ийсем бул чачбактын тарыхы жок калат да. Ошондуктан 1000 доллар десе да бербей жүрөм.
Мындай каада-салтты бек кармап, өмүрдү улап келе жаткан эже, апалырыбыз арабызда көп болсо, биздин тарых жаңыланып жазыла бериекчи.
Даярдаган: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн