Бүгүн Лейлек районуна караштуу Андарак айылында биринчи кар жаады. Андарака бул биринчи кар болуп эсептелет, күз айында кар жаагандыктанбы айылга көп деле суук болгон жок.
Андарака бүгүн эң биринчи кар жаады. Биринчи кар жаап, бирок күн жылуу. Ар дайымкы биринчи кар элдердин түшүмүнө зыян келтирип, түшүмдөрүн үшүк алып кетчү. Бирок бул кар жеңил болуп, күз айында жаагандыктанбы эч кимдин түшүмүн үшүк алган жок.


Айыл тургуну Азим Абдилазиз уулу өзүнүн түшүмүн үшүк албаганына кубанганын айтты.
«Бүгүн айылга эң биринчи кар жааганына сүйүнүп турам. Мен ар дайымкы биринчи кубанчу эмесмин эмнеге дегенде, кээ бир биринчи карлар суук келип, жыйган түшүмүмдү жана жыйа элек түшүмүмдү үшүк алып кетчү. Бирок, бул кар бизге жеңил жаады, менин түшүмдөрүм баары жайында. Ошон үчүн өтө кубанып олтурам. Эмнеге дегенде баарыбыз эле тиричилигибизди ушул күздө жыйып алчу түшүм менен кылабызда. Эгер үшүк алганда баардык эмгек текке кетмек», — дейт Абдилазиз уулу.


Айылга кар калың түшкөнү менен эч кимдин түшүмүн бул ирет үшүк алган жок. Кар калың түшүп бирок, чак түш болгондо күн ысып, кар акырындап эрий баштады.

Андарак тоолуу аймак болгондуктан кар калың түшүп көбүнчө кышында күн өтө эле суук болот. Бирок, бул суукка карабай айыл тургундары ар жылы кышында өз тиричилигин кылып жүрөт. Айыл тургундары мындай суукка көнүп деле калгандай.

Даярдаган: Бахтияр Насиридин уулу
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн