Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын борбордук көчөсүнө коюлган чырактар иштебей турат. Бул айылдын көйгөйү боюнча айыл-башчысы Саид Самандаров менен маек курдук.
Андарак айылынын борбордук көчөсүнө коюлган чырактар учурда жарактан чыккан. Бул чырактарды 2013-жылдын аягында айыл тургуну, бизнесмен Кадыров Таалайбек демөөрчү болуп, өз эсебинен жыйырма прожекторду алып келип, көчөгө орнотушкан.

Бирок, бул чырактар көпкө чыдабай учурда күйбөй калган учур. Азыр ошол убакта коюлган жыйырма чырактын ичинен үчөөсү гана иштеп жатат.
Бул чырактар түндө иштеп, айыл тургундарына кызмат кылып турган. Бирок алар азыр иштебейт.

Бул көйгөй боюнча биз айыл башчы Саид Самандаров менен маек курдук.

Саид Самандаров
— Учурда чырактардын иштебей калганынын себеби алып келип койгон чырактар Кытайдан чыккан, бул Кытайдын чырактары бат эле жараксыз болуп калат экен. Булар бузулгандан кийин оңдоп-түзөөгө жарабай калат экен. Биз базарлардан буларга лампа алып келип салдык, бирок дал келбеди бири-бирине. Ошон үчүн буларды алып салып, ордуна жаңы чырактарды коюу керек. Бул чырактарды 2013-жылы айыл тургуну, бизнесмен Кадыров Таалайбек деген жигит декабрь айында, жаңы-жылда баардык чырактарды өз эсебинен сатып келип коюп берген. Ошондо жыйырма прожекторду алып келген. Азыр тилекке каршы алардын үчөөсү гана иштеп турат. Ал үчөө да жакшы иштебейт. Булардын ордуна жаңы чырактарды коюу үчүн демөөрчү табуу керек. Бирок, азыр биз 2017-жылкы айылдын бюджетине бул көйгөйдү да киргизебиз деп атабыз. Муну сөзсүз бюджетке киргизип чырактарды жаңылашыбыз керек. Бул планда бар.
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн