
Кыргызым элиңди сакта, Ала-Тоо, көлүңдү сакта. Бөтөндү ээрчип адашпай, Үрп-адат салтыңды сакта!
Ушул ыр саптарында айтылгандай дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз элимдин каада-салттары, оюндары көп. Кыргыздын оюундары, салттары мезгил өтүп жаштар жаңыланган сайын унутулуп келе жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Мына, баарыбызга белгилүү болгондой, быйыл күркүрөгөн күз айларында дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп II «Көчмөндөр» оюуну болуп өттү. Бул оюнда кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, оюндары көрсөтүлгөн. Быйыл «Тарых жана маданият» жылы болгондуктан Барскоон айылынын №55 Кесипттик Лицеи да «Көчмөндөр» оюунун жылдык иш планына киргизген. Ошонун негизинде кеситтик лицейдин студенттери да унутулуп келе жаткан оюундарды, кийинки муундарга калтыруу максатында иш чара өткөрүштү. Лицейдин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айзада Абышева бул иш чара боюнча төмөнкүлөргө токтоло кетти:

“Мамлекетте “Тарых жана маданият” жылы деп белгиленбеди беле. Мына ошонун негизинде II дүйнөлүк Көчмөндөр оюуну болуп өттү. Мына ошого караштуу биздин окуу жайда көчмөндөр оюунун биздин тайпалар арасында өткөрүүнү чечип ошону уюуштурганбыз. Бул иш чарада негизги улуттун унутулуп бара жаткан салтын, оюундарын кийинки муундарга калтыруу максатында ошол оюундарды бүгүнкү иш чарада көрсөтөлү дегенбиз. № 55 Кесиптик Лицеинде жалпы 294 окуучу окуп билим алышат быйылкы жылы. Өзүбүздүн бухгалтериябыздан атайын каражат бөлүнүп берилет ушундай иш чараларыбызга. Акчалай сыйлыктарыбыз болот, атайын жеңүүчү группаларга, жеке окуучуларга дагы ардак грамотасы же болбосо мактоо баракчасы деп атайын сыйлыктарыбыз каралат”.
Жаштардын ушундай демилге көтөрүп, ата-салтын, үрп- адатын унутта калтырбаганы мактоого арзырлык. Себеби кылымдардан бери сакталып келген улуттук оюндарыбызды сактоого биздин аттуулдук парзыбыз. «Жеңилген күрөшкө тойбойт» дегендей улам бир оюнга катышып, студенттер арасында мыкты мелдеш өткөрүлдү. Кыз, эркек дебей оюнга жалпы катышуу менен, турлүү оюндарды ойношуп эң мыкты деген студенттер да четте калган жок. Жеңилсе да аркан тартмай, кол күрөш, таяк тартмай оюундарына катышкан каарманыбыз Аскар Бектурсунов бүгүнкү иш чара боюнча өз оюн мындайча билдирди:

“ Мен аркан тартмай оюунуна биринчи жолу катыштым. Эң кызыктуу оюун экен. Аркан тартмай, кол күрөш, ордо сыяктуу оюндар жакшы экен. Бул убакка чейин көп кызыга бербептирмин. Жыл сайын өткөрүлүп турса жакшы болот эле. Мындан кийин да оюндарга катышып турам деген тилегим бар”.
«Көчмөндөр» оюуну мындан ары да жыл сайын өткөрүлүп турса, кийинки муундар үчүн кыргыздын салттары, оюндары унутулбайт. Бул иш чара көпчүлүктүн купулуна толду. Кары жашына карабай баары ыраазы болду. Дал ушундай айыл тургундарынын бири Арсар Бектурова өз сөзүндө буларды айтып өттү:

“ Бүгүнкү лицейде өтүп жаткан көчмөндөр оюунунун кызыктуу болушу баарын кубантып, баары жан дили менен күйөрман болушуп, баарыбызга жакты. Айрыкча аркан тартышта, таяк менен бири-бирин тартышта балдар өздөрүнүн күчтөрүн аябай сынашып. Беш таш ойношту кыздар, анда да жеңген, жеңилген тарап болду. Баардык катышкандардын баары өздөрүнө катышып жаткандарына ыраазы болуп, эң көңулдүү өттү деп ойлойм мен”.
Мына ушундай иш чараларды жаштар демилгелеп турса улуттук оюндар унутта калбайт деген ишеним пайда болот. Сюжетти даярдаган жана алып барган Эрлан Абласов жана Гүлкайыр Осмоналиева. Саламатта туруңуздар.