Кетмен-Дөбө айыл аймагына кирген Терек-Суу — Чоң-Арык айылдарынын жолдору оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей “Ак-Бакай” ЖМБнын кабарчысы “Айылда чечилбей келген көйгөй” тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, айыл тургундары жол маселесин айтышкан. Бул оңдоо иштери тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиев менен маек курдук.

Биздин кабарчыга мурдагы берген маегиңизде, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык, Сары Булак жолдору оңдолот деп айткан элеңиз. Бул жолдор оңдолдубу?
— Оңдолду, жергиликтүү бюджеттен 159 800 акча каражаты каралып, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык айылдарынын ички жолдоруна кум шагыл төгүлүп, тегизделди. Жалпысынан көчөлөргө 18 трубалар орнотулду. Мындан сырткары, Жаңы-Арык автожолуна атайын эсептен 30 миң сом акча каражаты каралып, жергиликтүү бюджеттен 110 миң сом акча каралып, 11 километр жол тегизделди жана шагыл төшөлдү.
Жолдорду оңдоого канча каражат керектелди жана каражат кайсы жактан бөлүндү?
— Айылдык жолдорго жалпысынан 269 800 сом акча каражаты керектелди. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн