Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы суу түтүктөрү оңдолду. Өткөн кабарларыбызда билдиргендей, Терек-Суу айылында суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу таза суу көйгөйү курч болчу. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиев менен маек курдук.

Май айында “Ак-Бакай” ЖМБнын кабарчысына берген маегиңизде июнь айында суу түтүктөрү оңдоло баштайт деп айткан экенсиз. Суу түтүктөрү оңдолдубу?
— Суу түтүктөрү оңдолду. Бүгүнкү күндө 826 метр суу түтүктөрү алмаштырылды. Андан сырткары дагы суу топтолуучу, хлордоочу жана суу берүүчү жайлар оңдолуп бүттү. 25 задвижкасы алмаштырылып, бетондоо иштери бүтүрүлдү.

Суу түтүктөрүн оңдоого канча каражат сарпталды?
— Бүгүнкү күндө суу түтүктөрүн оңдоого жалпы суммасы 2 миллион 403 миң сомдук иш аткарылды.
Учурда айыл тургундарынын таза сууга муктаждыгы кандай? Жалпысынан таза суу көйгөйү чечилдиби?
— Таза суу көйгөйү толугу менен чечилди деп айтканга эрте, анткени, бүт таза суу системасын адамдарды 80 пайызга таза суу менен камсыз кылуу үчүн 15-20 миллион сомдой акча каражаты талап кылынат. Биз стимгранттан алган 2 миллион 867 миң сом хлордоочу, суу топтоочу жайларды жана 826 метр суу түтүктөрүн алмаштырууга кетти. Андан сырткары, айылдын ичине 43 суу чыгаруучу калонкалар орнотулат.
Маегиңизге рахмат!

Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн