«Учкунстан» жамааттык мультимедиа борбору ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулардын журналистика тармагына кызыгуусу артты. Себеби Kloop.kgнин журналистика мектебинде окуп келген жаңы тренерлер окуучуларга сабак өтүп, аларга коом менен байланышып жаңылыктарды даярдоого шарт түзүп келет.

Өзгөчө мектеп боюнча журналистика тармагына көбүрөөк кичинекей окуучулар кызыгат. Алар учурда ар кандай техникалар менен иштөөгө жөндөмдүү.

Жаш журналисттерди тарбиялап жаткан Бегимай Бекмуратова журналистикага кызыккандар арбын экенин айтат.
«Мен көбүнчө кичинекей балдарды окуттум. Себеби алар менен иштеген мага жагат. Азыр окуучулар жаңылык жазганды үйрөнүп калышты. Буюрса баардык билген билимибизди окуучуларга үйрөтөбүз», — деди ал.

Келечекте өзүн журналист катары көргөн 5-класстын окуучусу Наргиза Жолдошбек кызы «кичинемен бери элчи болууну кыялданчумун. Бирок тренингдерге катышып журналистикага кызыга баштадым. Келечекте диктор болсом деп кыялданам» дейт.
Ал эми Жыргалбекова Изольда дагы көптөгөн тренингдердин катышуучусу. Ал бизге курган маегинде өзү келечекте врач болууну каалаганын, бирок азыр журналист болгусу келгенин айтат. Журналистика аркылуу көп өлкөнү көргүсү келет.

Мындан бир ай мурун журналистикага катышкан Саламат Мажик кызы төмөндөгүлөрдү айтты.
«Мурун ата-энеме ырчы болом дечүмүн. Азыр болсо журналист болууну самайм. Себеби журналист көптөгөн көйгөйлөрдү чечип бере алат», — дейт ал.
Азыркы кезде «Учкунстанда» жалпы төрт редактор бар. Редакторлор билген билимин окуучуларга үйрөтүп, жаңылык жазуунун жолдорун көрсөтүп беришет. Жумасына жаш журналисттер өз сайтына эки жолу келип жаңылык даярдашат.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн