Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Шааркүл Жунушова 12 жыл башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ал 50 жашында пенсияга чыгып, учурда үй тиричилиги менен алек.
Биз Шааркүл Жунушованын мектепте көптөгөн жылдан бери иштегенин угуп, апа менен маек курдук.

Саламатсызбы! Сиз мектепте кайсы предметтен сабак берчү элеңиз?
— Саламатчылык. Мен биринчи Ак-Талаада 20 жыл иштедим. Андан соң Учкун айылына келип башталгыч класстын мугалими болуп 12 жыл иштедим. Ошондо жалпы мугалим болуп иштегениме 30 жылдай болуп калды.
Сиз канча класс бүтүрдүңүз эле?
— Мен негизи көп эле класс бүтүрдүм. Аларды азыр да көрүп калам жоолугуп калсак учурашып өтүшөт.
Бүтүргөн класстарыңыздын он жылдыгы болдубу?
— Ооба 1987-жылкы окуучуларым он жылдыкка чакырышкан. Аларды мен Ак-Талаа районунан бүтүрүп келгем.
Учурда эмне менен алектенесиз?
— Мен азыр үй тиричилиги менен айылда оокат бүтпөйт эмеспи. Бош болуп калганда жай мезгилинде жер-жемиш айдап, гүл отургузуп коём.
Сиз мектепте болгон майрамдарда, кечелерде келип катышып турасызбы?
— Мени баягы алтынчы күнү болгон карылыр күнүнө да чакырбай коюшту, мектепте болуп турган акыркы коңгуроо күнүндө да чакырбай коюшту. Билбейм мектеп мени унутуп калган го.
Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!
Даярдаган: Канышай Абдырахманова, Айканым
Мухтар кызы
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн