Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундары суугат суусу жайкысын жетишпей келгендигин бизге билдиришти. Бул маселе тууралуу Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы Насос-1 суугат суунун башчысы Жекшенаалы Кебекбаев менен маек курду.
Саламатсызбы! Айыл тургундарынын айтымына караганда суу жазында кеч келип, күзүндө эрте токтоп калат экен. Эмне себептен?
— Саламатчылык! Мунун себеби, эң биринчи эле азыр майда дыйкан чарбаларына жер бөлүнүп кеткен, мурун 30 гектарга бир сугат суу болсо, азыр ал сууну 30 адам керектейт да, анан талаш-тартыш жаралат. Бирок, бул маселени чечсе деле болот, биринчиден пайдаланылган жерди такташ керек, анан ошого жараша айыл өкмөткө арызды эртереек бериш керек. Ал эми, күзүндө эрте токтоп калганынын себеби, орум, жыйым бүтүп калат. Ошондуктан, өкмөттүн берген арызына жараша, токтотобуз. Сууну кечирээк токтотуш үчүн айыл өкмөтү менен сууну пайдалануучулардын ортосунда келишим болушу керек.

Жакын арада бул маселени чечүү үчүн кандай аракеттер болуп жатат?
— Бул маселени чечүү үчүн акимчиликтен, жогору жактагы суу чарба департаментинен алгылыктуу иштер жасалып жатат. Атайын фонддун эсебинен быйыл акча бөлдүрүп, кошумча насос койдуруу үчүн проектини түзүштү. Буйруса, 2017-жылы тендер жарыялап, Үңкүр участкасына свет алып барып, подстанция орнотуп, кошумча насос коюлат.
Суугат суу маселесин чечүү үчүн канча каражат керектелет?
— Атайын проектиси түзүлдү, 3,5-4 миллиондой акча керектелет.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактор: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн