Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде 10-ноябрь күнү «Атом» усулдук аймагынын бир айлык иш чараларынын расмий ачылышы болду. Бир айлык 1-декабрга чейин уланып, ал аралыкта окуучулар менен мугалимдер ар кандай иш-чараларды бирге уюштурушат.

«Атом» усулдук аймагынын курамына математика, физика жана информатика сабактары кирет. Аталган сабактар боюнча мугалимдер кызыктуу иш чараларды окуучуларга уюштурушу керек.

Бир айлыктын ачылышын 9-11-класстар жасашты. Алар математика, физика жана информатика боюнча ырларды, кызыктуу маалыматтарды окуучуларга айтып беришти.

«Атом» усулдук аймагынын жетекчиси Анара Мамырканова бизге төмөндөгүлөрдү айтты.
«Атом өзүнүн аты айтып тургандай эле бөлүнбөс бөлүкчө. Биз дагы ушул үч предмет биргеликте окуучулардын көнүлүн бура тургандай иштерди алып барабыз. Биз окуучулардын дагы сунуштарын карап жатабыз. Алар дагы бир айлыкты кантип жакшы өткөрүү керектиги боюнча сунуштарын айтууда», — дейт Мамырканова.
Ал эми бир айлыктын ачылыш аземинин катышуучусу, 11-класстын окуучусу Сыймык Алтынбеков иш чараларга активдүү катышаарын айтат.

«Биз быйыл 11-классты аяктайбыз. Ошон үчүн мектептин иш-чараларына көбүрөөк катышып, инилерге үлгү болушубуз керек. Буюрса мугалим эжелерге айтчу сунуштарыбыз көп. Бир айлыкка активдүү катышабыз деп ойлойм», — деди ал.
«Атом» усулдук аймагынын курамында жалпы мектеп боюнча жети мугалим иштейт. Ошол жети мугалимдин ар бири бир айлыкта иш-чараларды, сынактарды уюштурууга милдеттүү.
Даярдаган: Тимурлан Асанакунов
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн